2024-жылдын 23-август күнү ректор Төлөбек Абдырахманов академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып 21-декабрына чейин Түштүк Кореянын Чонбук, Пай Чай, Ханбат университеттерине жана Түндүк-Батыш саясат жана укук университетине окууга кетип жаткан эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин, физика жана электроника факультетинин, чет тилдер институтунун, журналистика жана коммуникация институтунун студенттери менен жолугушту.

Ректор академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында былтыр, быйыл КУУнун көптөгөн студенттери башка өлкөлөрдүн университеттерине кетип жатканын белгилеп, “Барсын, көрсүн, окусун, үйрөнсүн, келип түзүм жетекчилерине, окутуучуларына түрткү берсин – “тиякта мындай экен” деп. Биринчиден – билим алат, экинчиден – көз карашы өзгөрөт. Кетип жаткан балдардын баары жөнөкөй эмес, өзгөчө, идиреги бар, билим алсам деген балдар деп ойлойм. Кыргызстандагы 80дей университеттин арасынан биздин университетти тандап, “Бул университет жакшы билим берет” деп, бизге ишенип, балдарын тапшырткан ата-энелерге рахмат. Былтыр, быйыл студенттерди кабыл алуу боюнча 1-орунду алып атабыз. Бул – Улуттук университетке болгон ишеним деп ойлойм. Албетте, соңку жылдары университет айрым маселелер боюнча начарлап кеткен. Азыр чыйралып, өзүбүзгө келип, кыймылдап атабыз. Мурда бирин-экин студент кеткен болсо, азыр бидин студенттер массалык түрдө Россиядагы ВШЭ, РУДН, УрФУ, АлтГУ, СибГУ сыяктуу белгилүү университеттерге, Казакстандын, Өзбекстандын, Кореянын университеттерине кетип жатышат. Ошол эле убакытта чет өлкөлөрдүн студенттери окуганы, стажировкадан өткөнү бизге да келип атышат. Бул – абдан жакшы нерсе.

Эми, балдарга айтаарым: аман-эсен баргыла, жакшы жайгашкыла, бири-бириңерге көз салып, жардам берип, жакшы окугула. Эки жылдан бери балган балдардын бирине да начар экен, тартиби жок, жалкоо экен деген рекламация келе элек. Жалаң мактоо баракчасын алып келип жатышат. Ал жакта окуу менен эле алек болбой, илимий, маданий-массалык, спорттук иштерге да активдүү катышкыла. Алар бизге караганда бир топ алдыда, үйрөнө турган көп нерселер бар. Көп нерсени үйрөнгүлө, билгиле, келгенден кийин курсташ, группалаштарга айткыла, үйрөткүлө. Керек болсо мага да келип айткыла – ал жакта китепкана мындай экен, жатакана тигиндей экен деп.

Университеттин жетекчилигинин тилеги – жакшы барып, жакшы окуп, аман-эсен кайтып келгиле. Балдарды кетирип аткан курамдын жетекчилерине, ушунун баарын уюштуруп берген ректораттын кызматкерлерине, баарына макул болуп, балдарын жиберип аткан ата-энелерге ыраазычылык билдирем”, – деди.

Жолугушууга окуу башкармалыгынн начальниги Алмазбек Кыдыралиев, эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Нургүл Казак кызы, физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов, чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк, о.э. окууга кетип жаткан студенттердин ата-энелери катышты.

Кореяга окууга кетип жаткан студенттердин тизмеси:

Чонбук университети:

  • Алмазбекова Алтынай – “Техникалык физика” багыты
  • Тынайева Махабат – “багыты: “Техникалык физика” багыты
  • Тян Олеся – “багыты: “Эл аралык мамилелер” багыты
  • Ниязбаева Айтегин – “Эл аралык мамилелер” багыты
  • Мусарова София – “Эл аралык мамилелер” багыты
  • Касынбекова Сауле – “Эл аралык мамилелер” багыты
  • Токторбекова Бермет – “Эл аралык мамилелер” багыты
  • Ысмайылова Сезим – “Биология” багыты
  • Кудайбергенов Эрназар – “Журналистика жана коммуникация” багыты
  • Кожоназарова Асылзат – “Журналистика жана коммуникация” багыты
  • Алмазбекова Саадат – “Мааалыматтык технологиялар” багыты.

Пай Чай университети:

  • Галбаева Нураида – “Эл аралык мамилелер” багыты
  • Бешимова Айзат – “Эл аралык мамилелер” багыты.

Ханбат улуттук университети:

  • Меховникова Алина – “Корей тилинин лингвистикасы” багыты
  • Молдомамытова Гулзада – “Корей тилинин лингвистикасы” багыты
  • Максат кызы Азиза – “Корей тилинин лингвистикасы” багыты.

Түндүк-Батыш саясат жэана укук университети:

  • Таирова Тинатин – “Эл аралык мамилелер” багыты.

Добавить комментарий