2024-жылдын 30-майында КУУнун жамааты салтка айланып калган “Улуттук университеттин күнүн” белгиледи. Башкы имараттагы чоң жыйындар залында өткөн майрамдык салтанатты ректор Төлөбек Абдырахманов ачып, окуу жайдын жамаатын Улуттук университеттин 99 жылдык мааракеси менен куттуктады жана “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаевага “КУУнун ардактуу профессору” наамынын аттестатын тапшырды.
Профессорлук сөзүндө Жамиля Исаева ардактуу наамга көрсөткөн КУУнун окумуштуулар кеңешине ыраазычылык айтып, окуу жайдын жалпы жамаатын Жогорку Кеңештин жана жеке өзүнүн атынан майрамы менен куттуктады жана Улуттук университет Кыргызстанга эле эмес, дүйнө жүзүнө таанылган билим уясына айланаарына терең ишенээрин билдирди.
КУУнун жамаатын “Университеттин күнү” менен о.э. Кыргыз Республикасынын Баатыры, саясий жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Кыргыз Республикасынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков куттукташты. Айнура Аскарова о.э. ректор Төлөбек Абдырахмановго жаштарды тарбиялоого жана кыргыз билими менен илиминин өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Түрксой эл аралык уюмунун эң жогорку сыйлыгы – Түрксой алтын медалын тапшырды.
Андан кийин ректор Төлөбек Абдырахманов, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон сапымы үчүн КУУнун айрым кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырышты.
Майрамдык салтанат Кыргызстандын белгилүү ырчылары жана КУУнун таланттуу студенттеринин аткаруусундагы ыр-бий жана комуз күүлөрү менен коштолду.
Кемен университетинин президенти Шин Ильхи мырзанын куттуктоосу
Пусан университетинин профессору Янг Мин Джонгдун куттуктоосу
Пай-Чай университетинин ректору Ким Сок Чуль мырзанын куттуктоосу
Сыйлоо жөнүндө буйрук