2023-жылдын 10-январь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар менен мектептердин кытай тили боюнча мугалимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу курсунун ачылыш аземи болуп өттү.

Жыйынды Конфуций институтунун кытай тараптан директору Чэн Чжигуо мырза ачып, аземге келген конокторду тааныштырды жана сѳз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. Ал аталган курсту өткөрүүгө шарт түзүп, жардам берип жаткандыгы үчүн Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, о.э. курсту уюштуруп жаткан Синьцзян педагогикалык университети менен КУУнун алдындагы Конфуций институтунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, катышуучуларга “Кытайдан келген профессорлордун сабактарына жакшы катышып, жакшы окуп, жакшы билим алгыла. Баарыңарга ийгилик каалайм”, – деди.

Кытай элчилигинин кеңешчисли Ли Баоцзе мырза илгертеден бери кошуна катары карым-катнаш кылып келе жаткан Кытай менен Кыргызстандын достук мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлүп жаткан мезгилде билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташтык өтө маанилүү экендигин, кыргыз жаштарынын кытай тили менен маданиятына кызыгып жатканы жагымдуу көрүнүш экендигин белгилеп, жакын арада Бишкек шаарында Кытай маданий борбору ачылаарын билдирди.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева КУУнун алдындагы Конфуций институту менен Бишкек шаарындагы бир катар мектептер кызматташып, аларга Кытай элчилиги техникалык жактан жана ыктыярчыларды жөнөтүү жагынан жардам берип жаткандыгын, Т.Сатылганов атындагы №69-орто мектептеги Конфуций классы кытай тили боюнча дүйнѳдѳгү мыкты класс деп табылгандыгын белгилеп, өзү жетектеген башкармалык кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Катышуучуларды курстун ачылыш аземи менен о.э. Пекин университетинин эл аралык кызматташтык институтунун деканы Ву  Инхуэй мырза, Синьцзян педагогикалык университетинин эл аралык маданий алмашуу мектебинин деканынын орун басары Лю Вейцянь мырза куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар менен мектептердин кытай тили боюнча мугалимдери үчүн бир жумалык квалификацияны жогорулатуу курсу КУУнун алдындагы Конфуций институтунда өтөт.

Добавить комментарий