Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменти Түркия Республикасынын Измир шаарындагы Яшар университетине 2026–2027-окуу жылынын жазгы семестри үчүн студенттерди алмашуу программасына номинациялоо мөөнөтү ачылганын маалымдайт.
Аталган алмашуу программасына катышууну каалаган студенттер номинациялоо үчүн тиешелүү документтерин белгиленген мөөнөттө тапшырышы зарыл.
Номинация тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2026-жылдын 26-октябры.
Программага катышуу шарттары, талап кылынуучу документтер жана башка кеңири маалыматтар боюнча 219-кабинетке кайрылсаңыздар болот.
Эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департамент
Жооптуу кызматкер: Чынар Журабаева