Келечекти түптөгөн жаштар TEKNOFEST’те жолугат: 2026 технологиялык жарыштарга каттоо башталды!

Дүйнөдөгү эң чоң авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFEST алкагында өткөрүлүүчү 2026-жылдагы технологиялык жарыштарга каттоо башталды. Бул жылы жаңы дареги — Шанлыурфа болгон TEKNOFEST, 75 миллион түрк лирасы сыйлык жана 100 миллион лирадан ашык материалдык колдоосу менен жаш акылдарды жаңы ачылыштарга чакырат. Идеяларын долбоорго, долбоорлорун келечекке айландырууну каалагандар үчүн жарышка каттоо 20-февралга чейин уланат!

TEKNOFEST 2026 миң жылдык тарыхы жана бай маданий мурасы менен белгилүү болгон Шанлыурфа шаарында өтөт. Фестиваль 30-сентябрдан 4-октябрга чейин GAP аэропортунда уюштурулуп, илим менен технологияны тарыхтын башаты болгон Шанлыурфада миллиондор менен бириктирет.

Ар жылы жаңыланып турган категориялары менен көңүлдү бурган TEKNOFEST, дүйнөдөгү эң чоң сыйлыкка ээ технологиялык жарыштарга быйыл да кожоюндук кылат. 2026-жылы 52 жарыш жана 127 кошумча категория боюнча өткөрүлүүчү TEKNOFEST технологиялык жарыштарына каттоо 20-февралга чейин уланат.


Тарыхтын жүрөгүнөн келечектин акылдарына: 52 түрдүү жарыш TEKNOFEST Шанлыурфада!

TEKNOFEST 2026да жаштар кызыгуу менен катышкан “Ракета жарышы, Айыл чарба технологиялары жарышы, Учкучсуз учактар жарышы, «Болот күмбөз» абадан коргонуу системалары жарышы, Саламаттыкта жасалма интеллект жарышы жана Коопсуз спутниктик байланыш жарышы” сыяктуу көптөгөн багыттарда жалпы 52 категорияда технологиялык жарыштар өтөт.

Бул жылы болсо алгачкы жолу “Электрондук согуш жарышы, Өркүндөтүлгөн автономдук системаларды долбоорлоо жана эксплуатациялоо жарышы, TEKNOFEST кен технологиялары жарышы, FPV дрон байкоо жарышы жана Адамзаттын пайдасына технологиялар жарышы” сыяктуу жаңы багыттар ачылып, технология күйөрмандарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана тажрыйбаларды сунуштайт.


2018-жылдан Бүгүнкүгө чейин 4 Милиондон ашык Кыял Келечектин Технологиясына Айланды!

2018-жылдан бери инновациянын, өндүрүүнүн жана келечекти калыптандырган идеялардын жолугушуу борбору болгон TEKNOFEST, бүгүнкүгө чейин 4 миллиондон ашык арыз кабыл алды. TEKNOFEST 2026да болсо башталгыч мектептен магистратурага чейин ар бир билим деңгээлинен миңдеген жаштар өз кыялдарын долбоорго айландыруу үчүн ар кандай категориядагы технологиялык жарыштарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

20-февралда каттоо жабылат. Келечектин архитекторлору болууну жана технологиянын алдыңкы катарына өз атын жаздырууну каалагандар дароо каттала алышат.

TEKNOFEST — T3 Фонду жана Түркия Республикасынын Өнөр жай жана технология министрлигинин негизги уюштуруучулугунда, өлкөнүн алдыңкы технологиялык компаниялары, мамлекеттик мекемелер, медиа уюмдар жана университеттердин колдоосу менен өткөрүлөт.

Фестивалдын кубанычын өлкөнүн ар бир бурчуна жеткирген жана “алгачкылар фестивалы” болгон TEKNOFEST технологиялык жарыштарына катышуу үчүн www.teknofest.org дарегине кирип каттала аласыз.

(С) Алтымышев Санжар — Билим Бишкек инновациялык борборунун мүдүрү

Добавить комментарий