2025-жылдын 3-февралында кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча чет өлкөгө барып келген студенттери отчет беришти.

Иш чарага академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова менен башкы адиси Аида Сопонова, о.э. факультет деканы Бактыбек Жайлообаев, түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова жана бөлүмдүн жалпы окутуучулары менен 1-2-3-курстарынын студенттери катышты.

Мурда мерчемделгендей 530003: Котормо жана котормо таануу (англис тили) адистигинин 2-3-курстарынын студенттери Казакстандын Астана шаарындагы Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин жана Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Шаров Рашидов Самарканд мамлекеттик университетинин Филология факультеттеринде “Котормо иши” адистиги боюнча академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдин негизинде 1 семестр билим алып келишти.

Алар: Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине ККТ-2-23-группасынан Айгерим Бекболотова, Аида Нурланова, Мирланбек кызы Анжелика; ал эми ККТ-1-22-группасынан Аян Жайлобаева, Сирена Сейиткулова, Жыпара Таштанбековалар барышса, Шаров Рашидов Самарканд мамлекеттик университетине ККТ-1-22-группасынан Жамила Муратбек кызы барган.

Студенттер өз отчетторунда баргандан келгенге чейинки көз ирмемдерин айтып, алмашуу программасынын талап жана максатына ылайык универсалдык, инструменталдык, социалдык-инсандык компетенциялар менен бирге кесиптик, илимий, колдонмо-ишмердүүлүк жана уюштуруучулук жөндөмдөрүн калыптандырып, өнүктүрүүдө жогорку деңгээлдеги шартты түзүп берип жаткан университеттин, факультеттин, бөлүмдүн жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.  Ошондой эле алмашуу программасы боюнча жооптуу адистер студенттерибизди жылуу кабыл алып, тиешелүү шарттарды түзүп, окуу кезметин теңдештирип, окуу процессине зарыл болгон окуу куралдарды, илимий булактарды камсыз кылып берип турушканын да баса белгилеп өтүштү. Мындан тышкары Казакстандагы студенттер коомдук-маданий иштерге активдүү тартылып, волонтердук кызмат көрсөтүп, ар түрдүү конкурстарга катышып, “Азиянын эң мыкты 10 студенти” конкурсунда 2-орунду ээлеп келишкенин сыймыктануу менен айтышты.

White and Orange Simple Portfolio Presentation

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий