23/12/24-ж. күнү тренер Нуруева Жаныл Болотовна КУУнун юридикалык колледжинин окутуучулары үчүн атайын дасыгууну жогорулатуучу практикалык курс өттү.

Курстун программасы:

  • 5E моделинде сабактын планын түзүү.
  • ChatGPT жана башка AI платформаларына обзор.
  • Тест түзүүчү жана макала жазуучу сайттар.
  • Видео сабактарга аватарларды колдонуу.

Жыйынтык:

Мугалимдер заманбап технологиялар аркылуу сабакты кызыктуу кылып, өз иштерин жеңилдетүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү.

Курска академиялык мобилдүүлүк боюнча ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин окутуучулары да катышты. Бардык катышуучуларга “Калем-Лидер” академиясынын сертификаты тапшырылды.

(С) Иманалиева Наргиза – методическа иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий