2024-жылдын 19-январь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Улуттук университеттин Калык Акиев көчөсү-83 дареги боюнча жайгашкан №7-студенттик жатаканасы менен 6А-окуу имаратына барып, ал жерде аткарылган оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгын текшерди.
Аткарылган иштер тууралуу ректорго административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов маалымат берди. Анын айтымында, №7-жатаканадагы оңдоп-түзөө иштери 2023-жылдын октябрь айында башталып, жаңы жыл алдында аяктады. Жумуштар тендер аркылуу тандалган компания тарабынан жүргүзүлдү. Жатаканада жалпысынан 46 бөлмө (1-этажда 17 бөлмө, 2-этажда 29 бөлмө), о.э. 1,2-кабаттагы ашканалар, туалеттер, кол жуучу жайлар, коридорлор толугу менен ремонттон өткөрүлүп, эшик, терезелердин баары алмаштырылды. Ал эми кесиптик колледж жайгашкан 6А-окуу имаратынын 5-кабатындагы оңдоп-түзөө иштери октябрь айынын 10унда башталып, өткөн жуманын аягында бүттү. Жыйынтыгында 15 дарскана, коридор толугу менен ремонттон өттү.
Кыдыруунун жүрүшүндө Төлөбек Абдырахманов о.э. кесиптик колледждеги окуу процесси менен таанышып, студенттер менен маектешти.
Текшерүүнүн жүрүшү
Оңдоп-түзөө иштерине чейинки абал
Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү