2024-жылдын 18-январь күнү Улутттук университетке Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылынан мектеп окуучулары келишти. Окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов менен жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек аларга окуу жайдын имараттарын, дарсканаларын жана жатаканаларын көрсөтүп, кыскача маалымат беришти.
Проректор мектеп окуучуларына Улуттук университеттин эшиги дайым ачык экендигин баса белгилеп, окууларына ийгиликтерди каалоо менен чакан белектерди тапшырды.
(С) Буланбек кызы Асель – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун башчысы