2024-жылдын 11-январь күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 7-окуу имаратында жайгашкан Кыргыз-Япон адам өнүгүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сыйлуу конокту КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, КЯӨБ директорлору Ацуму Иваи мырза менен Алмазбек Азимов тосуп алышкан соң, борбордун жетекчилери Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарына Кыргыз-Япон адам өнүгүү борборунун түзүлүү тарыхы, аткарып жаткан иштери, мурдагы жана азыркы абалы, о.э. Улутттук университет менен кызматташтыгы тууралуу кенен маалымат беришти. Борбордун ишмердүүлүгү боюнча пикир алышуу учурунда Эдил Байсалов кыргыз-япон кызматташтыгы мындан ары дагы жогорку деңгээлде өнүгө беришине тилектеш экендигин билдирди.

Андан кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары япон тилин үйрөнүп жаткан мектеп окуучулары жана студенттер менен жолугушуп, адам канча тил билсе ошончолук мүмкүнчүлүктөрү көп болоорун баса белгиледи жана япон тили менен маданиятын кыргыз коомчулугуна тааныштырып, эки элдин достук мамилелеринин жакшырышына салым кошуп жаткан Кыргыз-Япон борборунун жамаатына мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий