2024-жылдын 11-январында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Шопоков шаарындагы Седжон институтунун директору Сон Квон Сук айымды кабыл алды. Ректораттын жыйындар залында өткөн жолугушууда тараптар билим берүү боюнча Улуттук университет менен Седжон институтунун ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Сон Квон Сук айым өзү жетектеген окуу жай жана кызматташуу багыттары тууралуу маалымат берген соң, Төлөбек Абдырахманов Седжон институтунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү боюнча кабардар экенин, эгер Корея тараптан ишенимдүү партнер табылса, аталган институт менен кызматташууга макул экендигин билдирди.

Жолугушууга эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Казак кызы Нүргүл катышты.

Добавить комментарий