2026-жылдын 23-26 ноябрында География, экология жана туризм факультетинин «Гидрометеорология» жана «Экология жана жаратылышты пайдалануу» багыттарында окуган студенттери “Climate School 2026” долбоорунун алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Элчилиги менен биргеликте Борбордук Азиядагы Америка университети тарабынан өткөрүлгөн «Кыргызстан — биздин жалпы үйүбүз» аттуу конкурска катышып келишти.
Сынакта гидрометеорология багытындагы студенттер Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөргө жана климаттын өзгөрүшүнө көңүл буруп, ар бир адам бул кырдаалды жакшыртууга кандай салым кошо аларын көрсөткөн оригиналдуу видео тарткандыгы үчүн 1-орунду ээлеп, башкы байге — «Кызыктуу экотур» сертификатын жеңип алышты. Ал эми экология багытындагы 1-курс студенттери таштандыларга экинчи өмүр берүү боюнча конкурста сыйлыктарга ээ болушту.
Студенттерге физикалык жана экономикалык география кафедрасынын ага окутуучусу Дарылкан кызы Койсун, туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын окутуучусу Адылбек кызы Айпери жетекчи болуп барышты.
(С) Абыкеева Аида — илимий иштер боюнча декандын орун басары