2026-жылдын 24-ноябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын арасында өткөрүлгөн республикалык спартакиадада I орунду ээлеп, жогорку жыйынтык көрсөткөн Юридикалык колледждин командасын кабыл алды.
Ректор команда мүчөлөрүн жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, университеттин коомдук, спорттук жана билим берүү тармагына кошкон салымын жогору баалады жана төмөндөгү сыйлыктарды тапшырды.
«Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы:
- Джумалиев Данияр Сардарбекович – Юридикалык колледждин директору;
- Жакшылыкова Элла Азискановна – директордун окуу иштери боюнча орун басары;
- Нуралиева Нурайым Беккожоевна – директордун практика боюнча орун басары;
- Айтбай уулу Бердигул – Факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу;
- Арынаалиев Мирбек Асанаалиевич – Юридикалык колледждин окутуучусу;
- Сандыбаев Жекшен Слемович – Юридикалык колледждин окутуучусу;
- Сүйүмбаев Руслан Темирбекович – Юридикалык колледждин окутуучусу;
- Уланбеков Эргелди Уланбекович – Юридикалык колледждин окутуучусу.
Ардак грамота:
- Орманова Амина Азаматова – волейбол боюнча команданын капитаны, III орун;
- Турганбаева Каухар Козубаевна – шахмат боюнча II орун.
Ректордун ыраазычылык каты төмөнкү студенттерге берилди:
- Рысбеков Айбар – теннис боюнча III орун;
- Ражапова Гулдана – теннис боюнча III орун;
- Суранчиев Кайрат – шахмат боюнча II орун;
- Джумабаев Нурдөөлөт – тогуз коргоол боюнча III орун;
- Бактыбекова Адинай – тогуз коргоол боюнча III орун;
- Муктаров Нурмухаммед – жеңил атлетика боюнча I орун.
Юридикалык колледждин жамааты өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним жана сый-урмат үчүн университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, бул сыйлыктар – эмгектин, биримдиктин, жоопкерчиликтин жана жеңишке болгон умтулуунун татыктуу баасы экенин белгилешти.
(С) Жакшылыкова Элла — окуу иштери боюнча директордун орун басары