2026-жылдын 13-ноябрында Физика жана электроника факультетинде Студенттер күнүнө карата “Күзгү балл” аттуу сынак болуп өттү. Сынакка 1-курстун 4 группасы катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Аталган сынакта ФКФ(б)-1-26 группасы чыгармачылыгын жана биримдигин көрсөтүп татыктуу 1-орунду камсыздашты.
Аземди факультеттин жетекчилиги ачып, жаңы кабыл алынган студенттерди университеттин катарына кошулгандары менен куттуктады. курстун кураторлору, жогорку курстун студенттери катышып, биринчи курстарга ийгилик каалашты. Концерттик программа жана таанышуу оюндары аземге жылуу маанай тартуулады.
17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул майрам силердин жаштыгынар, умтулууңар жана келечекке болгон ишенимиңердин майрамы. Студенттик жылдар өмүрдүн эң кызыктуу, эң жарык мезгили. Бул жылдары алган билимиңер, табылган достор жана топтогон тажрыйбаңар келечектеги ийгиликтериңердин пайдубалы болот. Ишенимдүү алга кадам баса бергиле!
(С) Тыныбек к А. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары