Урматтуу студенттер!
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору А.О. Рыспаев жана жалпы профессордук окутуучулар курамы сиздерди жаркын майрамыңыздар — Студенттер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Студенттик курак — адамдын жашоосундагы эң кызыктуу, кайталангыс жана келечекке жол ачкан өзгөчө мезгил. Бул мезгилде билимге умтулуу, жаңы идеяларды жаратуу, өз мүмкүнчүлүктөрүңөрдү ачуу жана чоң максаттарды көздөй кадам таштоо башталат.
Бүгүнкү санариптик доордо сиздер — өлкөбүздүн технологиялык өнүгүүсүнө, инновациялык өзгөрүүлөргө жана жасалма интеллекттин келечегине салым кошо турган жаңы муунсуздар. Сиздердин изденүүңүздөр, чыгармачыл ой жүгүртүүңүздөр жана талыкпаган эмгегиңиздер эртеңки күндүн ийгилигинин пайдубалы болуп саналат.
Ар бириңиздерге бекем ден соолук, окууңуздарга ийгилик, бийик максаттарга жетүүдө өжөрлүк жана кажыбас кайрат каалайбыз! Ар дайым жаңы билимдерге умтулуп, өз мүмкүнчүлүктөрүңүздөргө ишенип, алган билимиңиздерди өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшаган мыкты адистерден болуңуздар!
Студенттик күндөрүңүздөр кубанычтуу көз ирмемдерге, жаркын жетишкендиктерге жана унутулгус эскерүүлөргө бай болсун!
Майрамыңыздар кут болсун, урматтуу студенттер! Келечек сиздердин колуңуздарда! Урматтоо менен,
(С) Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору А.О.Рыспаев жана жалпы профессордук окутуучулар курамы