2026-жылдын 14-ноябрында География, экология жана туризм факультетинин студенттери Туризм, рекреациялык география жана экология кафедрасынын ага окутуучусу Байсеитова М.Р. тарабынан уюштурулган окуу экскурсиясынын алкагында «Ынтымак Ордого» барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишмердүүлүгү, ошондой эле расмий жолугушууларды жана мамлекеттик иш-чараларды уюштуруудагы протоколдук тартиптер менен таанышышты. Бул сапар мамлекеттик мекеменин ички иши менен жакындан таанышууга жана келечектеги кесибинин практикалык өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
География, экология жана туризм факультетинде окуу процесси лекциялар жана окуу китептери менен гана чектелбей ар тараптуу экскурсияларды уюштуруп, студенттердин дүйнө таанымын, көз караштарын кеңейтүүгө, алган билимдерин практикада колдонууга жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө даярданууга жардам беребиз.
(С) Байсеитова М.Р. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары