2026-жылдын 17-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исманали Жороев иш сапары менен келди.
Иш сапар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү демилгесинин алкагында уюштурулуп, анын негизги максаты аймактардагы билим берүү тармагын өнүктүрүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу болуп саналат.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нарынбек Кубатбек уулу, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев да катышты.
Депутат алгач университеттин жалпы ишмердүүлүгү менен таанышып, Кырдаалдык борбордун жана «Баласагын» медиаборборунун студиясынын ишин көрүп чыкты.
Андан соң делегация КУУнун курамына кирген А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун материалдык-техникалык базасы жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон жаңы адистиктерди ачуу маселелерин талкуулады.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев жана И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев Сүлүктү шаарына барып, аталган институттун абалы менен жеринен таанышып келишкен.
КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Улуттук университеттин курамына кошулушу менен анын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, билим берүү сапатын жогорулатуу жана аймактагы алдыңкы билим берүү мекемелеринин бирине айландыруу багытында конкреттүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеп, анын мисалы катары Ж.Баласагын атындагы КУУ менен И.Раззаков атындагы КМТУнун ортосунда бүгүн кол коюла турган келишим экенин билдирди. Ректордун айтымында, бул келишимдин негизги максаты — аймактарды өнүктүрүү, анын ичинде аталган институтта жаңы «Курулуш» жана «Архитектура» адистиктерин ачуу аркылуу билим берүүнү өнүктүрүү болуп саналат.
Эл өкүлү Исманали Жороев Лейлектен чыккан депутат катары эки университеттин ортосундагы кол коюлган келишим аймактарды өнүктүрүүгө зор салым кошоорун белгилеп, «Сүлүктүдө көмүрдөн башка эчтеке жок. Көмүр да түгөнөт. Ошондуктан, Сүлүктүдөгү институтту көтөрүү керек. Институтта ал жакта жок профессияларды ачсак, элге да кичине шарт түзүлүп, келечекте ошол кесиптер менен алектенип калышат», — деди.
КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Нарынбек Кубатбек уулу мындай демилгелер министрлик тарабынан колдоого алынарын билдирди.
Ошондой эле Улуттук университет Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып келе жатканы белгиленди.
Жолугушуунун соңунда Догдурбек Чонтоев менен Мирлан Чыныбаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда кош дипломдуу билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту. Анын алкагында студенттер 750500 – «Курулуш» жана 750100 – «Архитектура» багыттарында 1+3 схемасы боюнча билим алышат.
Кол койуу аземинин алдында Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү катышуучуларды «Туруктуу өнүгүү максаттары» программасынын алкагында жасалган заманбап университеттин модели менен тааныштырышты.