2026-жылдын 13-ноябрында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин №629 «Гуманитардык кызматташтык жаатындагы иш-чаралар жөнүндө» буйругун аткаруу жана КМШнын Экономикалык кеңешинин чечими менен бекитилген «КМШнын 35 жылдыгына арналган иш-чаралар» планынын 19-пунктун ишке ашыруу максатында Тарых жана чөлкөм таануу институтунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган «КМШ:Тарых барактары» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.
Институттун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасы тарабынан уюштурулган иш-чаранын негизги максаты — студенттердин КМШнын түзүлүү тарыхы, өнүгүү этаптары, мүчө мамлекеттери, белгилүү инсандары жана мамлекеттер аралык кызматташтыгы тууралуу билимдерин тереңдетүү, жаштардын тарыхый аң-сезимин жана интеллектуалдык жөндөмүн өнүктүрүү, о.э. мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди, ынтымакты жана гуманитардык кызматташтыкты даңазалоо болду.
Интеллектуалдык таймашка Ж.Баласагын атындагы КУУнун түзүмдөрүнөн сегиз команда катышты:
- Журналистика жана коммуникация институтунун «Мурас» командасы;
- Юридикалык институттун «Жалын» командасы;
- Тарых жана чөлкөм таануу институтунун «Айкөл» командасы;
- Кыргыз филологиясы факультетинин «Биримдик» командасы;
- Чет тилдер институтунун «Каганат» командасы;
- И.Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун «Тамыр» командасы;
- Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин «Келечек ээлери» командасы;
- География, экология жана туризм факультетинин « Глобус » командасы.
Таймаш үч этаптан туруп, студенттер өздөрүнүн билим деңгээлин, интеллектуалдык потенциалын жана командалык иш алып баруу жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Калыстар тобу тарабынан командалардын жооптору бааланып, жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчүлөргө дипломдор, грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды.
Жыйынтыгында 1-орунду Юридикалык институтун «Жалын» командасы, 2-орунду Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин «Келечек ээлери» командасы, 3-орунду И.Исаминдинов атындагы Педагогикалык институттун «Тамыр» командасы, 4-орунду Чет тилдер институтунун «Каганат» командасы ээледи.
Аталган акыл таймаш студенттердин КМШнын тарыхы жана гуманитардык кызматташтык жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө өбөлгө түздү. Ошондой эле жаштар арасында тарыхый мураска болгон кызыгууну арттыруу, мамлекеттер аралык достук мамилелерди бекемдөө жана интеллектуалдык атаандаштыкты өнүктүрүү багытында маанилүү тарбиялык жана билим берүүчүлүк мааниге ээ болду.
(С) Чодолдоева Г.Ж. — ТжЧТИ директорунун орун басары