Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Аксакалдар кеңеши окуу жайыбыздын өткөн тарыхы менен азыркы алгылыктуу иштери, университет үчүн көзгө көрүнөр иштерди жасап өтүшкөн белгилүү окумуштуу-педагогдор тууралуу массалык-маалымат каражаттарында ар дайым сөз кылып, атпай журт арасына жайылтып келет.

Бул ирет да ЭлТР телекомпаниясы менен бирдикте андагы «Өчпөс ысымдар» көрсөтүүсүнөн Улуттук университеттин чет тилдер факультетинде кафедра башчысы, факультеттин деканы болуп көп эмгек сиңирген белгилүү педагог, француз тили боюнча өлкөбүздөгү эң алгачкы адистердин бири Ырыскулбек Чанаков агай тууралуу телебаян уюштурушту…