2026-жылдын 27-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев 14–21-октябрь күндөрү Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн сумо боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип алган И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2-курс студенти Сезимай Калмырзаеваны кабыл алды.
Ректор Сезимайды жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктап, «30 мамлекет катышкан Дүйнө чемпионатындагы бул жеңиш — Улуттук университет үчүн дагы, Кыргызстан үчүн дагы чоң ийгилик. Мындан ары да ийгиликтер боло берсин», — деди жана окуу жайдын администациясынын атынан чемпиондун ата-энесине ыраазычылык кат, өзүнө ноутбук, ал эми машыктыруучусу Илияс Байсырахмановго «»Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.
Ал эми университеттин Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков Ысык-Көлдөгү «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийине эс алууга 10 күндүк жолдомонун сертификатын берди.
Белгилей кетсек, Сезимай Калмырзаева буга чейинки Дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болуп, өзүнүн спорттук чеберчилигин жана жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөткөн. Ал эми бул жолку алтын медалы анын талыкпаган эмгегинин, өжөрлүгүнүн, максатка умтулуусунун жана машыктыруучусунун үзүрлүү эмгегинин натыйжасы болду.
Сезимай, жеңишиң кут болсун! Кыргызстандын желегин дүйнөдө дагы бийик көтөрө бер!