2026-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун жүзөгө ашыруу максатында Тарых жана чөлкөм таануу институтунда окутуучулук-профессордук жамаат жана студент-жаштардын катышуусу менен илимий баарлашуу иш чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз эл жазуучусу, КР Улуттук жазуучулар союзунун Алтын калем сыйлыгынын ээси, балдар жазуучусу, Алиппе китебинин автору окумуштуу Сулайман Рысбаев катышып, кыргыз элиндеги нарктуулук маданияты боюнча аудиториянын купулуна толгон кеңири бяндама жасады. Кыргыз эли кылымдардан бери руханий жан дүйнөсүндө сактап келген нарктуулук – бул улуттубуздун келечегин аныктаган уңгужол доктринасынын ажырагыс бөлүгү экендиги белгиледи.

Илимий баарлашууда Мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Аскарбек Беделбаев, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Салайдин Эралиев өз ойлорун ортого салып, уңгужолдун маани-маңызына токтолушту.

Иш чара студент-жаштардын кызыгуусун жаратып, кайдигер калтырган жок жана суроо-жооп алуу маанайында өттү.