2026-жылдын 27-октябрында КУУнун биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Германиянын Фридрих-Александр атындагы Эрланген-Нюрнберг университетинин (FAU) профессору, NIE-SCCA-EdSp долбоорунун жетекчиси Анатоли Рахкочкин менен жолугушту.
Иш-чарага о.э. КУУнун Чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов, аталган долбоордун ассистенти Иван Александров жана башкы адис Гүлжахан Кубанычбекова катышты.
Жолугушуу Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) жана Германиянын Федералдык тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Түштүк Кавказ жана Борбордук Азиядагы эл аралык билим берүү тармагы: билим берүү мейкиндиктеринин кесилишинде» (NIE-SCCA-EdSp) эл аралык долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор Германия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана маданияттар аралык диалогду жайылтууга багытталган.
Жыйында Чет тилдер институтунун аталган долбоорго катышуусунун жыйынтыктары, жетишкендиктери жана келечектеги кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары каралды. Долбоордун маанилүү натыйжаларынын бири — Кыргызстандын эл аралык билим берүү тармагынын (Kyrgyz International Education Network) түзүлүшү болду. Бул тармак эл аралык өнөктөштөр менен тажрыйба алмашууга, кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Ошондой эле долбоордун алкагында Чет тилдер институтунун эки магистранты билимдерин тереңдетип, изилдөөчүлүк компетенцияларын өнүктүрүүгө жана эл аралык академиялык кызматташтык боюнча тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышкан. Учурда алар Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болуп эмгектенип, алган билимдерин жана тажрыйбаларын кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонуп жатышат.
Долбоордун алкагында иштелип чыккан окуу модулунун магистратуранын билим берүү программасына киргизилиши да институттун билим берүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул магистранттардын эл аралык билим берүү боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүүгө жана заманбап академиялык чөйрөдө иштөө үчүн зарыл болгон компетенцияларын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Иш сапардын алкагында профессорлор Анатоли Рахкочкин жана Иван Александров Чет тилдер институтунун магистранттары үчүн эки күндүк окуу сабактарын өткөрүшөт. Сабактар илимий билимдерди тереңдетүүгө, изилдөөчүлүк жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк профессорлордун академиялык тажрыйбасы менен таанышууга багытталган.
Бул жолугушуу Чет тилдер институтунун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана Германиянын жогорку окуу жайлары менен туруктуу академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.