2026-жылдын 24-октябрында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда Intellect School жеке мектептер тармагынын негиздөөчүсү Жакшылык Матанов конок семинар өттү.

Ал «Идеядан эл аралык ийгиликке: заманбап билим берүү мектебинин өзгөчөлүктөрү» аттуу баяндама жасап, билим берүү тармагындагы ишкердик тажрыйбасы, мектепти негиздөө тарыхы, өнүгүү жолдору жана ийгиликке жетүүнүн негизги факторлору тууралуу маалымат берди жана Intellect School мектептер тармагынын өнүгүү тажрыйбасына токтолду.

«Педагогика» багыты тарабынан уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө заманбап билим берүү мекемесин башкаруу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, инновациялык ыкмаларды колдонуу жана билим берүү тармагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Семинар студенттерге теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу жаңы түшүнүктөрдү алууга жана билим берүү тармагындагы ийгиликтүү тажрыйбалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.

Мындай иш-чаралар университет менен практикалык билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты чыңдоого, мугалим жана студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана заманбап билим берүү тажрыйбаларын окуу процессине киргизүүгө багытталган.

(С) Энтериева Миргүл — «Педагогика» багытынын жетекчиси