Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун профессору, юридика илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген юристи Кайрат Осмоналиев ШӨУ өлкөлөрүнүн юридикалык жогорку окуу жайлары ортосундагы академиялык алмашуунун алкагында Шанхай саясий илимдер жана укук университетинин (SHUPL) ШӨУ үчүн Эл аралык юридикалык даярдоо жана кызматташуу борборунда (Кытай) – SNISCO «Эл аралык укук жана эл аралык коопсуздук» жана «ШӨУ өлкөлөрүндө трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү» деген эки негизги курс боюнча сабак берүүдө.
Окутуу 2026-жылдын сентябрынан 2027-жылдын январына чейин жүргүзүлөт, ошондой эле ачык лекциялар жана ШӨУга байланыштуу темалар боюнча башка курстарды окутуу пландаштырылууда.
Профессор К.Осмоналиев 2014-жылдан бери Шанхай саясий илимдер жана укук университетине штатка тышкаркы профессор катары чакырылган жана «Шанхай кызматташтык уюмунун миссиясы жана ага Кыргызстандын катышуусу» (Бишкек, 2023) илимий-маалымдама басылмасынын тең автору болуп саналат. Кыргыз улуттук университетинен бул программага КУУнун Юридикалык институтунун окутуучулары, юридика илимдеринин кандидаттары Наталья Аленкина жана Азамат Жумашев катышууда.
(С) Супатаева Ж.Э. — директордун илимий иштер боюнча орун басары