2026-жылдын 15-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен аймактык көп тармактуу институтунун директору Абдикайым Жусубалиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Джонатан Перл мырза менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө АКШнын Элчилиги менен институттун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны андан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар алдыда жүзөгө ашырыла турган биргелешкен иш-чаралар, билим берүү тармагындагы демилгелер жана кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты.
Өзгөчө көңүл Баткендеги Америка ресурстук борборунун иш-аракеттерине бурулду. Буга чейин «Америка бурчу» келишимдин негизинде иш алып барып келген. Учурда борбордун макамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Абдикайым Жусубалиев мурда жүргүзүлгөн кызматташтыкты калыбына келтирүү өтүнүчүн билдирди. Бул багытта андан аркы кадамдарды талкуулоо маанилүү маселелердин бири болду.
Жолугушуудан кийин Джонатан Перл мырза Баткендеги Америка ресурстук борборунда институттун студенттери жана окутуучулары менен жолукту. Ал катышуучуларга АКШ тарабынан колдоого алынган эл аралык алмашуу программалары, билим алуу жана тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле студенттер менен окутуучулар үчүн жеткиликтүү болгон программалар тууралуу маалымат берди. Жолугушуунун алкагында катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, пайдалуу маалыматтарды алды.
Мындай жолугушуулар эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, жаштардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы билим берүү байланыштарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Баткен аймактык көп тармактуу институту эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган демилгелерди колдоону улантат.
(С) Үсөнов Иса — КУУнун Баткен аймактык көп тармактуу институтунун эл аралык байланыштар жана академиялык мобилдүүлүк боюнча адиси