2026-жылдын 9-11-октябрь күндөрү Түркиянын Кожаэли шаарында “Орток мурас – бир жүрөк” аттуу түрк тилдүү жаштардын форуму болуп өттү. Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын башын кошкон бул масштабдуу иш-чара боордоштук байланыштарды жана достук мамилелерди бекемдөөгө багытталды.
Форумдун программасы абдан бай жана мазмундуу болуп, анда жалпы тарыхыбызга, баалуулуктарыбызга арналган тегерек столдор, илимий талкуулар, ошондой эле маданий иш-чаралар, концерттер жана тарыхый жайларга экскурсиялар уюштурулду.
Бул эл аралык деңгээлдеги маанилүү жыйынга Тарых жана чөлкөм таануу институтунун окуудагы жана коомдук иштердеги ийгиликтери менен айырмаланган 4-курс студенттери И.Дүйшөнбекова, Б.Жылдызбек кызы жана 3-курс студенти А.Жумамүдүнова активдүү катышып, өз ой-пикирлерин ортого салышып, университетибиздин атын татыктуу коргоп келишти.
Аталган форум кыргыз жаштары үчүн түрк дүйнөсүнүн башка өлкөлөрүнөн келген курбулары менен тажрыйба алмашууга, маданий интеграцияны күчөтүүгө жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду талкуулоого чоң аянтча түзүп берди.
(С) Шаршенбек кызы А. — Тарых жана чөлкөм таануу институтунун доценти, т.и.к.