2026-жылдын 12-октябрында Түркия Республикасынын Кавказ университетинин Табигый илимдер жана адабият факультетинин Азыркы түрк тилдери жана адабияты бөлүмүнүн башчысы, профессор Илкин Гулусой Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн «Лингвистика (түрк тили)» багытынын 1–3-курсунун студенттери үчүн конок лекция окуду.

Проф. Илкин Гулусой 2026-жылдын 8–9-октябрында КУУда өткөрүлгөн «Түркологиялык окуулар –4» сериясынын алкагындагы «Түрк дүйнөсүндө азербайжан тили жана адабиятын изилдееиши –3» аттуу эл аралык симпозиумга  чакырылган.

Симпозиумдун программасына ылайык проф. Гулусой түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучулары менен жолукту жана бөлүмдүн студенттери менен жолугушуп, «Түрк дүйнөсүндөгү орток маданий баалуулуктар» аттуу темада лекция окуду.

Лекциянын жүрүшүндө түрк элдеринин жалпы тарыхый мурасы, тилдик жана адабий байланыштары, ошондой эле орток маданий баалуулуктарды сактоонун жана келечек муундарга өткөрүп берүүнүн мааниси тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары, профессор студенттерди университеттер аралык меморандумдардын жана келишимдердин негизинде академиялык алмашуу программаларына катышууга чакырып, эл аралык академиялык кызматташтыктын жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын соңунда окууда ийгиликтерге жетишкен студенттерге белектер тапшырылды.

(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент