2026-жылдын 13-октябрында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде «Санариптик каржы — 2026: Келечектин санариптик каржысы» аттуу хакатон өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — санариптик каржы тармагындагы жаңычыл чечимдерди иштеп чыгуу, заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу жана студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү.

Аталган командалык мелдешке Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун «Колдонмо жасалма интеллект» кафедрасынын «Жасалма интеллект» багытынын студенттери катышышты. Алардын катарында 2-курстун студенти Шукурбек уулу Элеман, ошондой эле 3-курстун студенттери Таалайбеков Ислам Таалайбекович жана Тойматов Актан Максатбекович бар.

Хакатондун жүрүшүндө студенттер жасалма интеллект, маалыматтык технологиялар, каржы технологиялары, экономикалык-математикалык моделдөө, маалыматтарды талдоо жана ишкердик жараяндарды автоматташтыруу сыяктуу актуалдуу багыттар менен таанышып, өз билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер хакатонго активдүү катышып, өз билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Алардын катышуусу сертификаттар менен тастыкталып, келечектеги кесиптик өнүгүүсү үчүн баалуу тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

«Колдонмо жасалма интеллект» кафедрасы студенттердин демилгелерин жана кесиптик өнүгүүгө болгон умтулуусун колдойт. Алардын илимий-техникалык иш-чараларга катышуусу жасалма интеллект жана санариптик технологиялар жаатында атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого, жаңычыл ой жүгүртүүнү калыптандырууга жана практикалык тажрыйбаны кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Кафедранын жамааты студенттерге мындан аркы окуусунда ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана келечектеги хакатондордо жогорку натыйжаларды каалайт!

(С) Джунушалиева Б.А. —  илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары