2026-жылдын 6-октябрында Кыргыз улуттук университетинин Жаштар саясаты жана спорт департаменти тарабынан 5-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.
Жыйында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, университеттин жалпы окутуучулук-профессордук курамын кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал ошондой эле университетте үзүрлүү эмгектенип, билим берүү тармагына өз салымын кошуп, жаш муундарды окутуу жана тарбиялоодо жигердүү иш алып барган бир катар кызматкерлерге Ардак грамота тапшырды. Мындан тышкары, Мугалимдер күнүнө карата алдын ала уюштурулган футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү да сыйланды.