2026-жылдын 2-октябрында Кыргыз-япон институту Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Тил – улуттун баа жеткис байлыгы” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Майрамдык салтанатка мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев,  институттун директору Такахара Дайсуке, орун басары Жеңиш Бексултанов жана окутуучу-профессорлор менен студенттер жамааты жигердүү катышышты.

Проректор Назаркул Ишекеев, институттун директору жана орун басары мамлекеттүүлүгүбүздүн ал-абалы, бүгүнкү жагдайы жана келечеги жөнүндө кеңири сөз кылышты. Студенттерге кайрылып, улуттук жана адамзаттык баалуулуктарды терең өздөштүрүүгө үңдөштү. Ал эми улуттук иденттүүлүктү студенттердин калыптануусунда эне тилдин, тарыхый эс-тутумдун, үрп-адат, салт-санаа, жалпы эле маданияттын жана Ата Мекендин маани-маңызы, дөөлөт-касиети жөнүндө ойлорун айтышты. Ошондой эле кыргыз-япон тилдеринин өзгөчөлүктөрү жана жалпылыктары, келечеги туурасында ойлорун ортого салышты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин демилгеси менен даярдалган “Манас” айтуу, комузда кол ойнотуу, улуттук бий, көркөм окуу, макал айтуу, жекече кыргыз ырларын ж.б. аткаруу чеберчилигин көрсөтүштү.

(С) Нургуль Осмон кызы — ?