Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети билим берүүнүн сапатын башкаруу системасын өркүндөтүү багытындагы маанилүү кадамды жасады.

2026-жылдын июнь айында университет ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык сертификациялык аудиттен ийгиликтүү өтүп, анын жыйынтыгында сапат менеджментинин системасына шайкештик сертификатына ээ болду.

Сертификациянын жыйынтыгы университеттин билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердигин сапатты башкаруунун эл аралык талаптарына ылайык уюштурууга багытталган системалуу ишинин натыйжасын тастыктайт.

Алынган сертификат университеттин бакалавриат, магистратура жана PhD докторантура программаларын долбоорлоо, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле тиешелүү даярдоо багыттары боюнча илимий-изилдөө жана өнүктүрүү иштерин камтыйт.

Сертификациялык документ G-CERTi Co., Ltd. тарабынан берилген. Сертификатта ISO 9001:2015 стандарты боюнча сапат менеджментинин системасы көрсөтүлгөн ишмердиктин белгиленген чөйрөсүнө шайкеш келери ырасталган.

Сертификаттын жарактуулук мөөнөтү 2026-жылдын 9-июлунан 2029-жылдын 8-июлуна чейин.

Университет үчүн бул сертификат — жөн гана документ эмес, билим берүү сапатын туруктуу жогорулатууга, башкаруу процесстерин жакшыртууга жана эл аралык сапат стандарттарына шайкеш иш алып барууга болгон багыттын расмий тастыкталышы.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети мындан ары да билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, заманбап башкаруу стандарттарын киргизүүгө, академиялык жана илимий чөйрөнү өнүктүрүүгө жана университеттин эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган иштерин улантат.

(С) Жылдыз Койчиева — Билим берүү сапатынын менеджмент системасы департаментинин директору