2026-жылдын 1-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев факультеттер аралык дене-тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу Бакыт Кадыровду кабыл алып, 10-13 – сентябрь күндөрү Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында болуп өткөн комбат-джиу-джитсу боюнча Азия чемпионатында 85 кг салмак ченинде атаандаштарын жеңип, 1-орунду ээлеши менен куттуктады жана чемпионго ноутбук белек кылып, иштерине ийгилик, аталган спорттун түрү боюнча дагы да жеңиштерге жетишип, Улуттук университеттин атын чыгара беришине тилектеш экендигин билдирди.

Ал эми кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков Бакыт Кадыровго университеттин пансионатына жолдомо тапшырды.

Жолугушууга биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков жана факультеттер аралык дене-тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов катышты.

Белгилей кетсек, бул жеңиш — Бакыт Кадыровдун Азия чемпионатындагы бешинчи жеңиши. Буга чейин ал 2022, 2023, 2024, 2025-жылдары чемпион болгон. Ал о.э. комбат-джиу-джитсу боюнча 3 жолку дүйнө чемпиону (2023, 2024, 2025), дүйнө кубогунун ээси (2025), Европанын чемпиону, ММАнын HFC32 жана Grappling WJF версиясы боюнча эл аралык турнирлердин чемпиондук алтын курларынын ээси.