Кыргыз филологиясы факультетинин доценти Айгүл Жаманкулова Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар-тренинг өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик мекемелерде кыргыз тилинде иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүүнүн жолдорун үйрөтүү, расмий документтерди мамлекеттик тилдин ченемдерине ылайык түзүү жана мамлекеттик тилди иш кагаздарында кеңири колдонуу көндүмдөрүн өркүндөтүү.
Лекцияны Кыргыз филологиясы факультетинин профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Жаманкулова Айгүл Төлөгөновна өткөрдү.
Сабактын жүрүшүндө мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнүн негизги талаптары, расмий документтерди түзүүнүн өзгөчөлүктөрү, иш кагаздарында адабий тилдин нормаларын сактоо, документтерди туура жана так түзүү маселелери боюнча кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле катышуучуларга иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө кездешүүчү практикалык маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилип, суроо-жооп иретинде пикир алмашуу болду.
Иш-чаранын соңунда Жаманкулова Айгүлгө кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүүгө, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана кыргыз тилин коомдук турмушка кеңири жайылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат тапшырылды.
Бул иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик мекемелерде кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу багытындагы маанилүү кадамдардын бири болду.
(С) Аскар кызы Жылдыз — кафедра башчысы, п.и.к., доцент