2026-жылдын 22-сентябрь күнү Кыргыз филологиясы факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чара эки бөлүктү камтып, жүрүшүндө 1-бөлүктө, студенттердин илимий баяндамалары, кыргыз тилинин тарыхы жана бүгүнкү абалы тууралуу ой-пикирлер айтылды.

Экинчи бөлүгүндө маданий иш-чара уюштурулуп, эне тилдин кадыр-баркын даңазалаган көркөм жана музыкалык чыгармалар тартууланып, студенттер өнөрлөрүн көрөтүштү.

Эне тилибиздин кадыры артып, колдонуу чөйрөсү кеңейип, кыргыз тили илимдин, билимдин, маданияттын жана коомдук турмуштун бардык тармактарында татыктуу өнүгө берсин!

Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен!

(С) Байызбекова Нуржан — Кыргыз филологиясы факультетинин тарбия иштери боюнча орун басары

* * *

Ж.Баласагын атындагы КУУнун 01-5/44 тескемесиндеги “23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө он күндүктү өтөрүү” тапшырыгынын негизинде Кыргыз филологиясынын кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын окутуучу-профессорлук курам студенттер менен иш алып барышты. Аталган адистиктин биринчи жана экинчи курсунун студенттери “Кыргыз тилинин бүгүнкү абалы жана келечеги” аттуу дил баян жазышты, Үчүнчү жан төртүнчү курстун студенттери маалымат такталарына кыргыз тилине арналган көргөзмөлөрдү уюштурушту.   

22-сентябрда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына арналган «Тилим менин – дилим» аттуу маданий-агартуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары коомдогу ордун даңазалоо, жаштардын эне тилге болгон урмат-сыйын арттыруу, кыргыз тилинин байлыгын, көркөмдүгүн жана улуттук баалуулуктарды муундан муунга өткөрүп берүүдөгү маанисин ачып көрсөтүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин тарыхы, бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу маалыматтар берилип, «Тил кербен» аттуу чыгармачыл көрүнүш, сахналаштырылган сценка, автордук ырлар жана көркөм окуулар тартууланды. Ошондой эле студенттердин кыргыз тили боюнча билимин жана тапкычтыгын сынаган интеллектуалдык оюн уюштурулуп, музыкалык чыгармалар аткарылды.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе – иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин чыгармачылык жөндөмүн, сахна маданиятын жана мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттырууга басым жасалды. Катышуучулар эне тилдин жөн гана баарлашуу каражаты эмес, улуттун тарыхын, маданиятын, дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын сактаган ыйык мурас экендигин өз өнөрлөрү аркылуу көрсөтө алышты.

Иш-чараны уюштурууда жана өткөрүүдө КТАОМ-1-23 тайпасынын студенттери активдүү катышып, мамлекеттик тилге болгон урмат-сыйын жана чыгармачылык дараметин көрсөтүштү.

Иш-чаранын соңунда кыргыз тилин сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү – ар бир жарандын жоопкерчилиги экендиги белгиленди.

Кыргыз тили – элибиздин тарыхын, маданиятын, нарк-насилин жана руханий дүйнөсүн сактап турган баа жеткис мурас. Анын кадыры артып, колдонуу чөйрөсү кеңейип, жаш муундун жүрөгүндө эне тилге болгон сүйүү жана жоопкерчилик күчөй берсин!

(С) А.Бешкемпирва доцент