2026-жылдын 29-июлунда Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Karven Four Seasons» эс алуу борборунда Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму башталды.

Күндүн биринчи жарымында пленардык жыйын жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюу аземи болуп, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университети жана Термез мамлекеттик университетинин жетекчилери менен аталган окуу жайлардын ортосундагы кызматташтык меморандумдарына кол койду.

Ректордун айтымында, бүгүнкү күндө университет — бул жөн гана билим алуучу жай эмес. Ал илимий идеялар жаралган, инновациялар өнүккөн, келечектин лидерлери даярдалган жана мамлекеттин интеллектуалдык потенциалы калыптанган борбор. Азыркы шарттарда бир дагы университет өз алдынча ийгиликтүү өнүгө албайт. Ошондуктан эл аралык академиялык кызматташтык стратегиялык мааниге ээ болууда.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети бул процесстин активдүү катышуучуларынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө Улуттук университет Өзбекстандын 11 алдыңкы университети менен кызматташтык жүргүзүүдө. Алардын арасында Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университети, Шараф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети, Ташкент мамлекеттик экономика университети, Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университети, Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту жана өлкөнүн башка алдыңкы жогорку окуу жайлары бар. Бул жөн гана кызматташтык жөнүндө келишимдер эмес — бул конкреттүү жыйынтыктар менен толукталган, натыйжалуу өнөктөштүк.

Ректор о.э. Кыргыз Республикасынын ЖОЖдор Ассоциациясынын Төрагасы катары Өзбекстан Республикасынын университеттери менен кызматташууну боюнча бир катар стратегиялык демлгелерди сунуштады:

  • Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын университеттеринин Ректорлорунун Туруктуу Кеңешин түзүү;
  • Борбордук Азия университеттеринин консорциумун түзүү;
  • Университеттик илимди жана инновацияларды колдоо боюнча Борбордук Азия фондун түзүү;
  • Борбордук Азиянын бирдиктүү санариптик билим берүү мейкиндигин түзүү;
  • Борбордук Азия университеттеринин жыл сайын өтүүчү форумун уюштуруу.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү» деп аталган бул Форум студенттик стартаптардын көргөзмөсү, билим берүү, илим жана бизнестин интеграциясы, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программалары жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө арналган панелдик сессия менен уланып, Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого, эл аралык академиялык кызматташууну кеңейтүүгө жана жогорку билим берүү, илим жана инновациялар тармагындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болуп калмакчы.

Добавить комментарий