2026-жылдын 25-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №5 окуу имаратында жаңы Диссертациялык жыйындар залы пайдаланууга берилди. Аталган залда КУУнун алдындагы диссертациялык кеңештердин жана PhD диссертацияларын коргоо боюнча комиссиялардын отурумдары өткөрүлмөкчү.
Залдын ачылыш аземине КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, КУУнун алдындагы диссертациялык кеңештердин төрагалары жана PhD билим берүү программаларынын академиялык консультанттары катышты.
Жыйында ректор сөз сүйлөп, заманбап илимий инфраструктураны түзүү — жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоонун жана университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири экендигин белгилеп, учурда Улуттук университеттин алдында тарых, юриспруденция, педагогика, психология, кыргыз тили, адабият таануу, математика жана экономика боюнча 10 диссертациялык кеңеш иш алып барып, химия, педагогика (окутуунун методикасы), социология жана саясат таануу, тарых (этнология жана археология) жана философия адистиктери боюнча жаңы диссертациялык кеңештерди ачуу иштери жүрүп, жалпысынан 15 диссертациялык кеңештин иш алып баруусу пландалып жатканын билдирди. — Учурда университетте диссертациялык кеңештердин жыйындарын өткөрүүгө жана PhD диссертацияларды коргоого ылайыкталган, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалган 10 го жакын диссертациялык зал бар. Бүгүн алардын катарына дагы бир жаңы диссертациялык зал кошулуп отурат. Жаңы диссертациялык зал кут болсун. Бул жерде өткөрүлө турган алдын ала коргоолор, талкуулар жана илимий изденүүлөр ийгиликтүү болуп, илимдин өнүгүшүнө өз салымын кошсун!, — деп сөзүн жыйынтыктады КУУнун ректору.
Салтанаттуу аземде о.э. КУУнун алдындагы диссертациялык кеңештердин төрагалары сөз сүйлөп, жаңы Диссертациялык жыйындар залынын ачылыш — университеттин илимий турмушундагы маанилүү окуя экенин белгилешип, өздөрү жетектеген диссертациялык кеңештер тууралуу кыскача маалымат беришти.
Белгилей кетсек, жаңыдан ачылган Диссертациялык жыйындар залында төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр бар:
- видеоконференцбайланыш системасы;
- онлайн коргоолорду өткөрүүгө арналган жабдуулар;
- мультимедиалык комплекс;
- диссертациялык кеңештердин мүчөлөрү үчүн жумуш орундары;
- жыйындарды аудио жана видео жаздыруу системалары.