2026-жылдын 25-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер институтунда (СГИИ) жогорку мектептин педагогикасы кафедрасы тарабынан илимий жана окуу-методикалык кабинет ачылды.
Аталган кабинет Университеттин ички грантынын алкагында каржыланган «Келечек педагогдорду үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы даярдоонун илимий-методикалык негиздери жана жолдору» аттуу илимий долбоордун негизинде түзүлдү. Долбоордун жетекчиси – педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А.С.Баялиева, кош жетекчиси — педагогика илимдеринин доктору, профессор Г.Т.Карабалаева болуп, аны ишке ашырууга педагогика илимдеринин доктору, профессор Н.А.Асипова, педагогика илимдеринин кандидаты, доценттер Ч.Н.Асаналиева жана А.С.Байтокова, ага окутуучу С.Н.Нурбекова, окутуучулар А.С.Аркабаева жана Н.Н.Осмонова активдүү катышышты.
Кабинеттин ачылыш аземине мамлекеттик тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев катышып, долбоор бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуулугу экендигин белгиледи. Анын айтымында, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук заманбап коомдун олуттуу көйгөйлөрүнүн бири. Ошондуктан, бул багытта компетенттүү педагогдорду даярдоодо жаңы ачылган илимий жана окуу-методикалык кабинеттин мааниси зор.
Андан соң куттуктоо сөздөрүн Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Аида Качкынова, И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун директору Рахат Сулайманова, СГИИнин ардактуу профессорлору Т.О.Омурова, Н.А.Асипова, о.э. институттун профессордук-окутуучулук курамы сүйлөп, педагогика илиминин өнүгүшүнө багытталган долбоордун жыйынтыктарына жогору баа беришти. Алар о.э. кафедранын жамаатынын мындан аркы илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.
Ачылган илимий жана окуу-методикалык кабинет келечектеги педагогдордун үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана окуу-методикалык иштерди өнүктүрүүгө кызмат кылат.
Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында бир катар илимий эмгектер жарыяланды:
- Кыргыз-Орус Славян университетинин жарчысынын 2026-жылдын апрель айындагы №6 санына Н.А.Асипова, Г.Т.Карабалаева, А.С.Байтокова жана А.С.Баялиеванын «Болочок мугалимдердин үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга даярдыгы: теориялык билим менен практикалык компетенциянын ортосундагы ажырымды талдоо» аттуу макаласы;
- «Илим, жаңы технологиялар жана Кыргызстандын инновациялары» журналынын 2026-жылдын март айындагы №3 санына Ч.Н.Асаналиева, С.Н.Нурбекова, А.С.Аркабаева жана Н.Н.Осмонованын «Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу үчүн баланын үй-бүлөсү менен иштөө технологиялары» аттуу илимий макаласы;
- ал эми Скопус базасында индексацияланган журналга изилдөөнүн жыйынтыктары жарыялоого берилген.
(С) Нурбекова С.Н. — жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу