2026-жылдын 3-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев окуу жайдын кафедра башчылары жана билим берүү программаларынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Ректор алгач катышуучуларды 31-майда белгиленген Улуттук университеттин күнү менен куттуктап, быйыл майрамдык негизги иш-чаралар 30-май күнү КУУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда өткөрүлгөнүн, ал эми 31-август — Эгемендүүлүк күнү окуу жайдын Талас аймактык көп тармактуу институтунда белгиленээрин билдирди.

Андан ары ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен мурдагы 4-жатакананын ордуна курулуп жаткан 16 кабаттуу окуу жана жатакана комплексинин курулушуна Турукташтыруу фондунан 579 млн сом бөлүнгөнүн кабарлап, бул жаңылык катышуучулардын дүркүрөгөн кол чабуусу менен кабыл алынды.

Жагымдуу кабардан кийин ректор Улуттук университеттин дүйнөлүк QS WUR жана EdNet агенттигинин рейтингиндеринде былтыр жана быйыл ээлеген орду, Эл аралык медицина жана илим институтунун аккредитациядан өтүшү, университеттеги иш-кагаздарын жүргүзүүнүн абалы жана кадрлар бөлүмү, «Университет» пансионатында жайкы сезонго карата аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ал о.э. кафедра башчылары менен билим берүү программаларынын жетекчилерине учурда өтүп жаткан сынактарга жана мамлекеттик аттестацияга олуттуу мамиле жасоо тапшырмасын берди.

Ал эми Окуу бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Кыдыралиев менен «Билим сапатын башкаруу системасы» департаментинин директору Жылдыз Койчиева университеттин СМК системасынын ISO стандарттарына шайкештиги боюнча эл аралык аудиттен өтүүсү, окуу процессиндеги айрым маселелер боюнча маалымат берип, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева Президенттин жарлыгы менен Улуттук университетке кошулган 3 университетти кабыл алуунун 1-этабы аяктап, алардын негизинде 10 структура (6 институт, 4 колледж) түзүлгөнүн, алдыда аларды КУУга толук интеграциялап, билим сапатын көтөрүү милдети турганын билдирип, аны ишке ашыруу боюнча айрым иш-чараларга токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. Улуттук университеттин ишмердүүлүгүнө байланышкан башка маселелер да каралды.

Добавить комментарий