2026-жылдын 25-майынан 2-июнуна чейин Чет тилдер институтунун Роман-герман тилдери кафедрасынын окутуучулары М. Ауэзов атындагы Түштүк Казакстан университети (Шымкент шаары), Алматы шаарындагы Франциянын Элчилиги жана Франциянын Пуатье университети тарабынан уюштурулган Эл аралык жайкы мектепке катышты.

Эл аралык жайкы мектеп чет тилдерин окутуунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүү, кесиптик тажрыйба алмашуу жана эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду. Программанын алкагында катышуучулар тил илими жана тилдик билим берүү жаатындагы алдыңкы адистердин лекцияларына, семинарларына жана практикалык сабактарына катышып, окутуунун жаңы ыкмалары менен таанышышты.

Аталган эл аралык иш-чарага катышуу окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, илимий-билим берүү байланыштарын кеңейтүүгө жана дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды Чет тилдер институтунун окуу процессине киргизүүгө өбөлгө түздү.

(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык  иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий