2026-жылдын 1-июнь күнү И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтта институттун директору, п.и.д., профессор Р.Т. Сулайманова жана эмгек жамаатынын катышуусунда Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) демилгеси менен Такахаси Наоки мырза жетектеген Япониянын Fujifilm System Services жана Digital Knowledge компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун негизги максаты педагогикалык институттун студенттеринин практика өтөө процессине бурулду. Тараптар студенттердин практика учурунда көрсөткөн жетишкендиктерин, алардын кесиптик көндүмдөрүнүн калыптанышындагы оң натыйжаларды, ошондой эле практика базаларында кездешкен айрым көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты. Практиканын сапатын жогорулатуу, студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү жана практиканын жүрүшүн санариптик платформалар аркылуу мониторингдөө маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, билим сапатын баалоонун санариптик платформалары, билим берүү мекемелеринде инновациялык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, педагогикалык жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттердин педагогикалык практикасын уюштуруу жана эл аралык стажировкаларды өткөрүү маселелери кеңири талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү тармагындагы санариптик трансформацияны колдоо, заманбап технологияларды жайылтуу жана педагогикалык кадрларды даярдоо багытындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору адамдык капиталды өнүктүрүү жана билим берүү системасын санариптик трансформациялоо багыттарында мындан аркы жемиштүү кызматташтыкты улантууга даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Digital Knowledge компаниясынын өкүлдөрү изилдөө иштерин улантарын жана келечекте педагогикалык практиканы уюштурууга, көзөмөлдөөгө жана баалоого багытталган санариптик платформаларды сунуштоо мүмкүнчүлүктөрүн карап жаткандыктарын маалымдашты.

Бул жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы билим берүү жаатындагы өнөктөштүктү чыңдоого, алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды жайылтууга жана педагогикалык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болду.

(С) Көчөрова Айнек — институттун окутуучусу 

Добавить комментарий