2026-жылдын 29-май күнү 8-окуу имаратындагы конференц-залда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев окуу жайдын түзүм жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Ректор алгач катышуучуларды 31-майда белгиленүүчү Улуттук университеттин күнү менен куттуктап, быйыл майрамдык негизги иш-чаралар 30-май күнү КУУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда өткөрүлөөрүн кабарлады.

Андан ары ал курулуп жаткан 16 кабаттуу окуу жана жатакана комплексинин курулушу, окуу жайдын дүйнөлүк QS World University Rankings рейтингине жана EdNet агенттигинин улуттук рейтингине кириши, ректордун 18-22-май күндөрү Германияга болгон иш сапары, Эл аралык медицина жана илим институтунун аккредитациядан өтүшү, университеттеги иш-кагаздарынын абалы, «Университет» пансионатынын жайкы сезонго даярдыгы тууралуу маалымат берди. Ал эми административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов 16 кабаттуу комплекстин ички дизайнынын эскиздерин көрсөтүп, сунуштарды берүүгө чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. Улуттук университеттин ишмердүүлүгүнө байланышкан башка маселелер да каралды.

Добавить комментарий