2026-жылдын 29-майында Жусуп Баласагын атындагы  Кыргыз улуттук университетине Кытай Эл Республикасынын Хэйлунцзян провинциясынын губернаторунун орун басары, Цзямусы шаарынын партиялык комитетинин катчысы Цун Ли айым баштаган ири делегация иш сапары менен келди.

Иш сапар Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган КУУнун жамааты менен болгон жолугушуудан башталды.

Жыйында Хэйлунцзян провинциясындагы университеттер менен КУУнун ортосундагы көп жылдык жемиштүү кызматташтык тууралуу сөз болуп, Улуттук университеттин Конфуций институту Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы билим берүү жана маданий алмашуу боюнча флагмандардын бири болуп саналаары баса белгиленди. Аны менен катар академиялык алмашуу, кош дипломдук программаларын ишке ашыруу, биргеликте илимий-изилдөө жүргүзүү талкууланды.

Ректор Догдурбек Чонтоев университеттер ортосундагы билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн Цун Ли айымга өзгөчө ыраазычылык билдирип: «Хэйлунцзян провинциясы күчтүү университеттери, илимий изилдөөлөрдүн жогорку деңгээли жана активдүү эл аралык кызматташтыгы менен белгилүү. Бүгүнкү жолугушуу жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана биргелешкен демилгелерди кеңейтүүгө маанилүү кадам болот деп ишенебиз», — деди.

Расмий бөлүктөн кийин делегация мүчөлөрү чоң жыйындар залында КУУнун Конфуций институту тарабынан уюштурулган «Кытай менин көзүм менен» аттуу видеосынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты. Аталган конкурс мектеп окуучулары жана студенттер арасында уюштурулуп, аларга окуудагы жетишкендиктери менен бирге маданият багытын чыгармачылык менен тартып, чагылдыруу шарттары коюлган. 

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Цун Ли айым сөз сүйлөп, кыргыз жаштарынын кытай тилинде эркин сүйлөп, камера аркылуу  кытай маданиятынын ар тараптуулугун реалдуу көрсөткөнү кубандырганын айтып, бул сынак эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоого зор салым кошоорун билдирди. Ал о.э. сынакта биринчи орунду алган жеңүүчүлөр Евразия өлкөлөрүнүн студенттери үчүн Кытайдын Билим берүү министрлиги жана Хэйлунцзян провинциясы тарабынан биргелешип негизделген стипендияны алууда артыкчылыктуу укукка ээ болушарын белгиледи.

Аземдин соңунда «Кытай менин көзүм менен» менен аттуу видеосынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Добавить комментарий