2026-жылдын 28-май күнү Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Эджей Рао менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана маданий багыттагы кызматташтык маселелерин талкуулап, өз ара пикир алышты. Ага катар кесипкөй өнүгүүгө, англис тилин үйрөнүүгө жана санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүүгө багытталган Америка ресурстук борборлорунун ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду.
Мырзабек Камчыбек уулу менен Эджей Рао ошондой эле Улуттук университеттин курамына кошулган аймактык институттардын базасындагы борборлор менен биргеликте иш алып барууну, мындан ары өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу чараларды даярдоо зарылдыгын белгилешти.





