2026-жылдын 12-майында Кыргыз улуттук университетинде Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу эскерүүлөрдү жана фронттук каттарды сактоо максатында өткөрүлгөн “Жеңиш каттары – Письма Победы-2026” республикалык конкурс-акциясынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Конкурс 10-апрелден 9-майга чейин республика боюнча уюштурулуп, ага мектепке чейинки курактагы балдар, мектеп окуучулары жана ЖОЖдордун студенттери катышкан. Каттар үй-бүлөлүк архивден же ачык булактардан алынып, көркөм окулуп, 3 мүнөттүк видеороликке тартылып, социалдык тармактарда #ПисьмаПобеды #ЖеңишКаттары хэштегдери менен жарыяланган.

Иш-чарага  КУУнун инвестиция боюнча проректору Гүлбара Сыдыкова, Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев жана «Монументы Победы» долбоорунун өкүлдөрү катышышты.

Комиссиянын чечими менен конкурс-акциянын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аталышты:

  • 1-орун: Амиртай Эмильжанов – Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиянын 2е-классынын окуучусу;
  • 2-орун: Аймончок Кутбидинова – Шопоков шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу (Мугалим: Токтоналиева Толгонай Ташманбетовна);
  • 3-орун: Муратбекова Аделя жана Матакунова Каныкей – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылындагы Аден Истамбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары.

Добавить комментарий