2026-жылдын 16–18-апрелинде Түркия Республикасынын Балыкесир шаарындагы Балыкесир университети тарабынан уюштурулган көчмөн түрктөргө (йөрүк түркмен) арналган «Kuvâ-yi Milliye Balıkesir Uluslararası Yörük Türkmen Sempozyumu» аталышындагы Эл аралык илимий симпозиум болуп өттү.
Аталган симпозиумга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучулары Бурул Элебесова жана Фаризат Курамаева катышып келишти.
Иш-чаранын алкагында Түрк дүйнөсүнүн тили, адабияты, тарыхы жана маданиятынын актуалдуу маселелери кеңири талкууланып, ага түрк тектүү өлкөлөрдөн алдыңкы окумуштуулар, илим изилдөөчүлөр жана коомдук ишмерлер катышты. Муну менен катар симпозиумдун жүрүшүнүн 1-күнүндө TÜRKSOY уюмунун башкы катчысынын орун басары, Балыкесир аймагынын губернатору, Балыкесир шаарынын мэри, Түркиянын Йөрүк түркмендер федерациясынын президенти катышы. Балыкесир университетинин ректору проф, др……. Ачылыш отурумда симпозиумдун илим, билим, экономикалык жана саясий интеграциядагы маанисине токтолушту. Симпозиумга жергиликтүү йөрүк түркмендердин маданиятынын өкүлдөрү жигердүү иш алып барышты.
Симпозиум 17-апрелде улантылып, түрдүү тармактык отурумдар иш алып барды. Тил жана адабият отурумдарында Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучулары илимий баяндамаларын ортого салып, түрк тектүү элдеринин ортосундагы илимий байланыштарды чыңдоо багытында өз сунуштарын билдиришти. Ошондой эле конференциянын жүрүшүндө түрк элдеринин орток маданий мурасы, эпостук изилдөөлөр жана билим берүү тармагындагы кызматташтыктын келечеги боюнча мазмундуу талкуулар өткөрүлдү.
Жыйынтыгында, иш-чаранын негизги максаттары катары;
- түрк тилдүү элдердин маданий жана илимий интеграциясын тереңдетүү;
- окумуштуулар арасында тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана биргелешкен илимий долбоорлорду иштеп чыгуу;
- Түрк Дүйнөсүнүн университеттер аралык илимий потенциалын эл аралык деңгээлде таанытуу
сыяктуу негизги багыттары аныкталып кийинки жыйындардын негизги концепциясы белгиленди.
Симпозиум расмий жана маданий бөлүктөрдөн туруп, үч күнгө созулду. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга эл аралык сертификаттар тапшырылып, конференциянын материалдары атайы жыйнак катары басылып чыгары белгиленди.
(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к.,доц.