Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында профессор, экономика илимдеринин доктору Искаков Издевалды Искакович 3-курс студенттери үчүн “Ачыктык, коррупцияга каршы күрөш жана институттардын эффективдүүлүгү” аталышындагы ачык сабак өткөрдү.

Ачык сабактын жүрүшүндө мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулуктун мааниси, коррупциянын коомго тийгизген терс таасирлери жана мамлекеттик институттардын натыйжалуулугун жогорулатуу жолдору кеңири талкууланды. Профессор өз сөзүндө заманбап башкаруу системасында ачыктык принциптерин сактоо, коомдук көзөмөлдү күчөтүү жана санариптик чечимдерди киргизүү аркылуу коррупцияны алдын алуу мүмкүн экенин белгиледи.

Ошондой эле студенттерге дүйнөлүк тажрыйбалар мисал келтирилип, натыйжалуу институттарды калыптандырууда мыйзам үстөмдүгү, жоопкерчилик жана кесипкөйлүк негизги факторлор экендиги баса белгиленди. Сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өз ойлорун эркин билдирип, суроолорун берип, практикалык мисалдар аркылуу теманы терең өздөштүрүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер мамлекеттик башкарууда ачыктыкты камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өз сунуштарын иштеп чыгышты. Бул ачык сабак алардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана келечектеги мамлекеттик кызматкер катары жоопкерчилигин арттырууга чоң салым кошту.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети мындан ары да студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган ушундай мазмундуу иш-чараларды уюштурууну улантат.

01.04.2026

(С) Г.Э.Джапарова — МжМБ факультетинин тарбия иштери боюнча декандын о.б

Добавить комментарий