Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономиканын жогорку мектебинин «Экономика» кафедрасы 2026-жылдын 10-мартында “Экономика боюнча студенттер арасындагы жогорку окуу жайлар аралык олимпиада – 2026” иш-чарасын өткөрөт.
Олимпиаданын негизги максаты — экономикалык багыттагы адистиктер боюнча билим алып жаткан студенттердин даярдык деңгээлин аныктоо, ошондой эле алардын экономикалык илимдерди тереңдетип өздөштүрүүгө болгон кызыгуусун жогорулатуу.
Олимпиадага Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын экономикалык адистиктеринде билим алып жаткан студенттер катыша алышат. Олимпиада жеке форматта өткөрүлүп, микроэкономика жана макроэкономика боюнча тапшырмаларды камтыйт. Олимпиаданын тапшырмалары кыргыз жана орус тилдеринде сунушталат.
Катышуу үчүн жогорку окуу жайдын (факультеттин) жетекчилиги тарабынан 2026-жылдын 1-мартына чейин жөнөтүлгөн расмий арыз-кат талап кылынат. Олимпиада күнү катышуучулар өздүгүн тастыктаган документти алып келүүгө милдеттүү.
Олимпиаданын башталыш убактысы жогорку окуу жайларга жиберилген расмий чакыруу каттарында кошумча маалымдалат.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.
Арыздарды жана сунуштарды кабыл алуу дареги: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 394, № 8 окуу корпусу, 209-каб.
E-mail: economydepartment@mail.ru
Маалымат алуу үчүн телефондор: 0558 581 435, 0550 010 233.
Тиркеме
Экономика боюнча Жогорку окуу жайлар аралык студенттик олимпиадага – 2026 га катышуу үчүн
АРЫЗ
Жогорку окуу жайынын аталышы ______________________________________________
Факультет (институт, борбор) ________________________________________________
| № | Студенттин аты-жөнү | Курсу | Адистиги/ даярдоо багыты | Окутуу тили | Студенттин телефону |
| 1. | |||||
| 2. | |||||
| 3. |
*Арыз жогорку окуу жайдын же тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.