2025-жылдын 13-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине республиканын ар кайсы аймактарынан 100гө жакын окуучу келип, Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин координаторлору Темирбекова Медина менен Бектурсунова Сумая алар үчүн тааныштыруу экскурсиясын өткөрүштү. Иш-чара мектеп окуучуларын жогорку билим берүү мекемелеринин мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан тааныштыруу жана кесиптик багыт берүү максатын көздөйт.
Экскурсиянын алкагында окуучуларга университеттин тарыхы, жетишкендиктери жана өнүгүү багыттары тууралуу атайын даярдалган видео-ролик көрсөтүлүп, окуу процесси, билим берүү багыттары, заманбап инфраструктурасы жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат берилди. Катышуучулар о.э. кырдаалдык борборго, смарт-класска, заманбап техникалар менен жабдылган аудиторияларга барып, алардын иштөө мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга маалыматтык буклеттер таратылып, абитуриенттерди кызыктырган кабыл алуу шарттары, адистиктер, студенттик жашоо жана кошумча мүмкүнчүлүктөр боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин координаторлору Темирбекова Медина менен Бектурсунова Сумая окуучулар менен жандуу баарлашуу өткөрүшүп, студенттердин активдүү жашоосу, спорттук жана коомдук иш-чаралар тууралуу айтып, катышуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти.
Мектеп окуучулары Улуттук университеттин шарттарына жогору баа берип, келечекте бул окуу жайында билим алууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, мындай тааныштыруу экскурсиялары жаштардын кесип тандоосуна туура багыт берип, окуучулардын жогорку билимге болгон кызыкчылыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
(С) Абдыбекова Айжан — жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчысы