Жаңырган жаңы жылда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 28 студенти Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде билим алышат. 2026-жылдын 13-январында биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев жана түзүм жетекчилери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Казакстандын Астана шаарына кетип жаткан студенттер менен жолугушту.

Алайбек Шамшиев студенттерге ийгилик каалап, академиялык мобилдүүлүктүн артыкчылыктарын белгилеп өттү. Проректордун айтымында, студенттер теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн тереңдетип, өлкөнү жакындан таанып-билүүгө жана жаңы чөйрө табууга  мүмкүнчүлүк алышат. Ага катар Алайбек Шамшиев өз өлкөсү менен окуу жайын чет өлкөдө тааныштыруу үчүн студенттерге Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата чыгарылган китептерди тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылы «КМШнын мыкты студенти» аталган Бизнес жана менежмент институтунун студенти Алия Бапановага сыйлык тапшырылып, аталган университетте буга чейин күзгү семестрде билим алып келген КУУнун студенттер өз тажрыйбалары жана кеңештери менен бөлүшүштү.

Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине кетип жаткан КУУнун 2-курс студенттеринин тизмеси:

Журналистика жана коммуникация институту

  1. Алманбетова Бегимай Алманбетовна
  2. Алмазбек кызы Азиза
  3. Темирканова Альбина
  4. Кубанычбекова Раяна
  5. Парманасова Акылай
  6. Болотбеков Нурсултан
  7. Сарылбекова Сайкал
  8. Бегматова Бегимай
  9. Динистанова Малика

Тарых жана чөлкөм таануу институту

  1. Кеңешбек уулу Бектемир
  2. Курманбек уулу Казалбек
  3. Кадырбекова Акнар
  4. Турсункалыева Зарема
  5. Кадырбекова Альбина

Математика жана информатика институту

  1. Ташматов Азат
  2. Анжелика Улукбек кызы
  3. Текебаева Аэлита
  4. Алмасбекова Гулина
  5. Улан кызы Нурзада

Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети

  1. Жекшеналиева Назгуль
  2. Усупбаева Бермет
  3. Тойчубаева Феруза

Экономиканын жогорку мектеби

  1. Жекшеналиева Тахмина
  2. Макешова Айсулуу

Чет тилдер институту

  1. Абдумаликова Элниза
  2. Саматова Акмарал

И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институт

  1. Куламидинова Аяна

А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институту

  1. Шабырбаев Алим

Добавить комментарий