2023-жылдын 25-октябрында 10-окуу имаратынын жыйындар залында Илим күнүнө карата аспиранттар жана докторанттар үчүн “Скопус, Гугл Академия, РИНЦ жана H – индекс илимий маалымат базалары (ИМБ) менен иштөөнүн ыкмалары” деген илимий-практикалык семинар болуп өттү.

Аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан уюштурулган семинарды аталган бөлүмдүн башчысы Т.А.Курамаева алып барды. Жыйынды илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, сөз кезегин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин илимий-метрикалык анализ кафедрасынын башчысы Белек уулу Эсенбекке берди.

Ал илимий-изилдөө көрсөткүчтөрү, илимий макалаларга шилтеме берүү, илимий-метрикалык маалымат базасы менен иштөө сыяктуу бир катар маанилүү маалыматтар менен тааныштырды.

Жыйында о.э. илимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Шайылдаева Асель чыгып сүйлөдү. Ал эми кыргыз-европа факультетинин доценти Фаризат Шаршембиева “Изденүүчүлөрдүн илимий, окуу жана окуу-усулдук эмгектеринин тизмесин Улуттук аттестациялык комиссиянын талабына ылайык түзүү”, А.Табалдиев атындагы илимий китепкананын директору Үмүт Казначиева “IPR SMART санариптик билим берүү ресурсу” боюнча маалымат беришти.

Баяндамалар катышуучулардын кызыгуусун туудуруп, жигердүү талкуу болду.

(С) Рустамбек кызы Айкыз – илимий иштер боюнча проректордун катчысы

Добавить комментарий